Бүгүн, 2-декабрда парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов бир жылдан бери Жогорку Кеңештин жыйынына келбеген депутаттардын атын атоону сунуштады.
"Мындай кылып мамлекеттин мыйзамдарын кабыл албашыбыз керек. Шайлоо болгонго чейин бир жыл жыйынга келбеген депутаттар бар. Биз алардын фамилиясын аташыбыз зарыл. Мына шайлоолор бүттү. Тоготпой келбей жатышат. Буларга наалат деп айтышыбыз керек. Эл жок дегенде ошолордун атын билиши шарт. Эмне үчүн алар айлык алып жатышат. Саясий интрига боюнча жүрөт", - деди Атазов.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева регламент боюнча бул маселени сунуштап алып чыгууга боло турганын айтты.