Жогорку Кеңеште Текебаевге кол салуу боюнча ИИМдин маалыматы угулууда

Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча ИИМдин маалыматы угулууда.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат берип, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

Депутат Наталья Никитенко УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бүгүн билдирген пикири боюнча айтты. "УКМКнын төрагасын бул жерден көргүм келет. Мындай даражадагы адам иликтөө жүргүзүлүп бүтмөйүнчө мындай пикир билдирбеши керек эле", - дейт ал.

Кечээ, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Текебаевге кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөө менен урушуп кеткен" деген пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан