Депутат Самат Исманов трансформациялоо маселесине токтолду. Бул тууралуу ал 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
“Бишкек шаарынын тегерегинде эле эмес, аймактарда да жер тилкесине муктаж жарандар арбын. Ага ылайык, жаш үй-бүлөлөрдүн турак-жайга ээ болуусу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында жерлерди бөлүп берүү маселесин чечүү керек” – деди ал.