Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 6-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Сүйлөшүүдө Өзбекстандын президенти телефон аркылуу Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктаган.

"Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи", - деп билдиришти президенттик аппараттан.

Президент Садыр Жапаров өзбек кесиптешине жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен достук жана конструктивдүү ишти улантууга даярдыгын тастыктаган.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун, Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн эки тарапка пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

VI чакырылыштын депутаттарына кабинеттер кантип бөлүштүрүлөт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан