Садыр Жапаров аз камсыз болгон жарандар үчүн электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон жарандар үчүн электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңештин жыйынында аз камсыз болгон жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырган.

Бул жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 киловатт саатка чейин керектегенде, 1 киловатт саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан