Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргыз Республикасында өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган маанилүү кайра куруулар ишке ашырылууда.
Сиздин мамлекеттерибиздин союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле евразиялык интеграциялык процесстерди, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө болгон умтулууңузду баалайбыз", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Владимир Путин конструктивдүү диалогдун, ошондой эле эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним артат.
Путин Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.