Декларация: БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова былтыр канча киреше тапкан?

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы расмий сайтына Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялай баштады.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын былтыркы жылдын кирешеси 1 миллион 194 миң 864 сомду түзөрү жазылган. Ал эми былтыркы жылдагы чыгашасы жазылган эмес. Ошону менен катар эле Шайлдабекованын 1 батири бар. Анын аянты 67,4 чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары документте Шайлдабекованын компьютер, фото, аудио жана видео техникалары дагы көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан