Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы расмий сайтына Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялай баштады.
Анда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылдагы декларациясы жазылган. Жээнбеков былтыр 944 миң 138 сом киреше тапкан. Ал эми канча чыгаша болгону көрсөтүлгөн эмес. Анын 160 чарчы метрлик турак жайы жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар. Айыл чарба багытындагы 0,45 гектар жерге, 15,05 гектар жерге, 5,55 гектар жерге, 0,96 гектар жерге, 1,08 гектар жерге, 0,67 гектар жерге, 7,43 гектар жерге, 1,06 гектар жерге, 4,25 гектар жерге, 4,24 гектар жерге, 1,12 гектар жерге, 0,70 гектар жерге, 0,64 гектар жерге, 0,64 гектар жерге, 0,64 гектар жерге, 0,16 гектар жерге, 0,64 гектар жерге, 0,32 гектар жерге, 0,32 гектар жерге, 0,64 гектар жерге, 0,64 гектар жерге, 0,04 гектар жерге, 0,06 гектар жерге ээлик кылат.