Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акыл Кемелов "Кумтөр" боюнча маселе көтөрдү.
"Бизде, Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик ишмер менен башка адамдардын жаңылыштыгы бар. Кесиптик орду менен жеке кызыкчылыгын алмаштырып алып жатышат. Мен буга чейин "Кумтөр" боюнча маселе көтөрдүм эле. Анын ордуна алар мага шайлоодон өтпөй калганыма көңүл айтып жатышат. Бул эмне деген шумдук? Бул эмне "Кумтөрдүн" расмий жообубу? Мен депутат болбосом дагы кызмат кыла берем. Мени менен кайым айтышпай отчётун берсин", - дейт ал.