Депутат Салайдин Айдаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовдун отставага кетүү боюнча арызын карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"БШКнын Акылбек Эшимовдун арызы боюнча комитеттин, фракциянын да чечими бар, маселени киргизип берсеңер", - деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева тийиштүү комитетке талапкер тууралуу маселе келип түшкөнүн айтты.
Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда "Кыргызстан" партиясынын талапкерлери тууралуу дагы сөз болгон.