"Бул жер убактылуу нерсе". Депутат Айбек Осмонов Шайлообек Атазов менен Нурбек Алимбековду ынтымакка чакырды

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Шайлообек Атазов менен Нурбек Алимбековду ынтымакка чакырды.

"Эки депутат бири-бирине болгон сөздөрүн айтышты. Бул жер дагы убактылуу нерсе, түбөлүк калбайт. Бири-бириңердин абийириңерди ачпай, сабырдуулукка чакырам. Мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Мыйзам бузган адам мыйзамдын негизинде жооп берет. Бул жерге чыгып сүйлөгөнүңөр уят. Экөөңөр тең менин агаларым болосуңар. Бул жерде көптөгөн маселелер чечилет. Ким депутаттык мандат алса, бейишке чыгат деген нерсе жок. Бири-бириңиздер менен сүйлөшүп, ынтымакка келишиңер керек", - дейт ал.

Бүгүн, 8-декабрда депутат Шайлообек Атазов кайрылуу жасап, Нурбек Алимбеков шайлоодо мыйзам бузууларга барганын айткан.

Мындан улам Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан