Депутаттык комиссия Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок

Жогорку Кеңештин жыйынында атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Канатбек Исаев камактагы депутаттар Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестигинен ажыратуу менен кылмыш жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссиянын маалымдамасын окуду.

Эки депутаттын иштери боюнча өзүнчө баяндама жасалды. Анын жыйынтыгы жана талаптары төмөндөгүдөй белгиленди:

  • Жээнбеков жана Зулпукаров депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз мыйзамдын 78-беренесинин талаптарын бузуу менен камакка алынган.
  • Кылмыш жазык кодексинин жаңы пункттары күчүнө киргендигине байланыштуу Жээнбеков жана Зулпукаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан бошотулууга тийиш.
  • Эл өкүлү элдин жана мамлекеттин коргоосу алында тураары, мандатын колдонуу учурунда куугунтукталышы мүмкүн эмес экендиги белгиленсин.
  • Жазык кодексине ылайык, жазык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө негиз жок деп белгиленсин.
  • Кол тийбестигинен ажыратуу менен кылмышка тартуудан баш тартылсын.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан