Нур-Султан: Акылбек Жапаров Казакстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруу борборуна барды (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаал келип чыккан учурда жана аны чечүүдө зарыл болгон ыкчам маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана каттоого алуу, аны талдоону автоматташтыруу болуп саналат (кылмыш, жол-транспорт кырсыктары).

Мекеменин иш процессине жогорку технологиялык жана жогорку интеллектуалдык чечимдер киргизилген, ал эми программалык камсыздоо - казакстандык адистердин эксклюзивдүү иштеп чыгуусу.

Бул тутумдун жардамы менен жалпы укук бузуулардын 60 пайызы аныкталып, ошондой эле 33 миңден ашуун укук бузуулар катталган.

"Акыркы убакта биз жарандардын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү санариптештирүү жана башка заманбап ыкмалар аркылуу чечүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Аталган борбор ар бир жаран өзүн толугу менен коопсуздукта сезиши үчүн олуттуу инструмент болуп саналат", - деп белгилеген Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан