Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: "Декларация туура тапшырылышы үчүн бирдиктүү мамлекеттик база болушу керек". АПТАСОБОЛ

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы расмий сайтына Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялады. Анда чиновниктердин жазылган мүлктөрү коомчулукта талкуу жаратты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Коомчулукта чиновниктердин декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтары толук эмес деген шек жаралууда. Декларация - формалдуулук үчүн эле болуп калган жокпу?" деген собол салды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова декларация тапшыруу мамлекет үчүн керек экенин белгиледи.

"Декларация деген керек. Айрыкча чиновниктердин, мамлекеттик чоң кызматтагы адамдардын, салык төлөгөндөрдүн эсебинен жашаган, айлык алгандардын декларациясы ачык болушу керек. Декларация бир жылда эле коомчулукка сиңип кете турган нерсе эмес. Декларация канчалык деңгээлде туура, туура эмес экени, бардык чындык берилип жатабы дегенди билиш үчүн коомчулук даяр болушу керек. Былтыркы декларация менен быйылкы декларацияны салыштыра билүү зарыл. Салык төлөгөндөр өздөрүнүн акчалары кайда кетип жатканын билүүгө укуктуу. Бул чиновниктердин коррупцияга аралашып кеткенинин алдын алат. Декларация кереги жок деген болбойт. Кыргыз өлкөсүнө биометрикалык каттоону алып келгенде ката кетиргенбиз. Бул жетишкен өлкөлөрдө социалдык коргоо катары ошол адамдын кандай оору менен ооруганы, кайсы окууну бүткөнү, кимге үйлөндү, кандай мүлктөрдү сатып алды дегендер кириши керек. Биз биометрикалык каттоону саясатка байлап койдук. Биометрика тапшыргандар шайлоого барат дегенди байлап койдук. Декларация туура тапшырылышы үчүн салык төлөгөндөр чиновниктерге байкоо жүргүзүү үчүн бирдиктүү мамлекеттик база болушу керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан