Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Чиновниктер декларациясын жашырса келечекте кылтакка илинип калышат". АПТАСОБОЛ

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы расмий сайтына Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялады. Анда чиновниктердин жазылган мүлктөрү коомчулукта талкуу жаратты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Коомчулукта чиновниктердин декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтары толук эмес деген шек жаралууда. Декларация - формалдуулук үчүн эле болуп калган жокпу?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков чиновниктердин декларацияны толук толтурушу өзүнө пайдалуу экенин билдирди.

"Чиновниктер декларациясына толук толтурбаса келечекте өзүнүн биографиясына балта чаап жатат. Кийин ар кандай саясий маселенин негизинде аларга кылмыш иши козголуп калса, мыйзамсыз байлык алды дей турган болсо көрсөтө турган документ бул декларация. Бүгүнкү тапкан акчасы кайда кетип жатканын декларацияга жазса, кийин кылмыш иши козголуп калса декларациясын көрсөтө алышат. Чиновниктер декларациясын жашырса өздөрүнө кылтак илип алат дагы келечекте кылтакка өздөрү илинип калышат. Чиновниктер келечегин ойлосо, жашырбай декларацияны толук толтурушу керек", - дейт Ишенбай Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан