Депутат Дастан Бекешев Казакстандын Токтогул суу сактагычынан сугат суу алганы боюнча так маалымат берүүнү талап кылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Казакстанга суу бердик деген маалымат чыккандан кийин жарандар бизге кайрылып жатышат. Дыйкандарга суу жок деп айтканбыз. Кечээ бул маалыматты уккандан кийин сиз бизди алдаган турбайсызбы деп кайрылышты. Качан сууну бергенбиз? Ордуна эмне алдык? Токтогул ГЭСи жазында иштейби же иштебейби так маалымат бергилечи. Ызы-чуу болбосун десеңер, бул боюнча так маалыматты бергиле", - дейт ал.
Коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылганы, коңшу тарап ыраазычылык билдиргени коңшу өлкөнүн өкмөт башчысынын расмий сайтында жазылат.
Министрлер кабинети Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин жолугушуусу тууралуу билдирүү тараткан. Бирок анда Токтогул суу сактагычынан сууну кошумча агызуу боюнча сүйлөшүү айтылган эмес.