Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова күч органдары зөөкүрлөргө каршы иштебей жатканын айтты.
"Биздин өлкөдө зордук-зомбулук күчөп жатат. Мурунтан баштап эле бардыгына аял өзү күнөөлүү деп угабыз. Бирок балдарда кандай күнөө бар? Зордук-зомбулукка кабылган 16 жашар кыздын үй-бүлөсү чогулуп алып ташбаранга алабыз деген талаптарды коюп, өздөрү зөөкүрлөрдүн тагдырын чечебиз деген абалга келип калдык. Анткени күч органдары зордук-зомбулукка каршы иштебей жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө зөөкүрлөр эркиндикте жүрүшөт. Анткени кыздар уялып сотко чейин барышпайт. Биздин күч органдарыбыз зөөкүрлөргө каршы ишин күчөтүшү керек", - дейт ал.