"Канат Исаев кайда?". Депутат кол тийбестик боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими каралышы керектигин айтты

Депутат Аманкул Токтомамбетов кол тийбестик боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими каралышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Канат Исаев кайда? Кечээ кол тийбестик боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын бүгүн алып чыгам деди эле. Канат Исаевди таап, комиссиясы чогулуп, чечимди алып чыксын. Бүгүн алып чыгам деп сөз берген", - дейт ал.

Кечээ, 8-декабрда парламент жыйынында камактагы депутат Бакытбек Жетигеновдун маселесин кароо кийинкиге калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан