Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алайбек Алымбаев "Газпромдун" доллар менен түзүлгөн келишимин сомго которуу керектигин айтты.
"4-5 жылдан бери Орусиянын "Газпром" компаниясы аркылуу "Кыргызгаз" республиканын көпчүлүк бөлүгүн жаратылыш газы менен камсыздап келет. Белгилүү болгондой, ошол убактагы келишим доллар менен түзүлүп калгандыгына байланыштуу доллардын курсу өскөн сайын газдын баасы кымбаттап жатат. Бул карапайым элдин чөнтөгүнө кедергисин тийгизүүдө. Министрлер кабинети келишимди карап чыгып, сомго өткөргөнгө аракет кылсаңыздар. Электр энергиясы тартыш болуп жатканда газ менен жылытуу энергетиканы үнөмдөөгө чоң таасирин берет эле", - дейт ал.