Депутат Аманкул Токтомамбетов кол тийбестик боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими каралышы керектигин билдирип, Канат Исаевдин дарегине карата сындарды айткан.
Депутат Канат Исаев комиссия эч жакка качып кетпей турганын белгиледи. "Кечээ УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келгенде кворум болсун деп эч ким кеткен жок. Комиссиянын курамына кирем дегендер кирсин, төрага болом дегендер болсун. Өткөндө комиссиянын курамына 7 депутат таппай жатпадык беле? Түштөн кийин сүйлөйсүңөр", - дейт Исаев.
Кечээ, 8-декабрда парламент жыйынында камактагы депутат Бакытбек Жетигеновдун маселесин кароо кийинкиге калган.