Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээ БШК жыйынында кайсы партиялар шайлоо тилкелериндеги добуштарды санап чыгууну каалашканын жана кайсы участоктордо кайра саноо жүргүзүлөрүн айтты:
- №4 Көк-Жар округунда - «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Альянс» партиялары боюнча
- №5 Ноокат шайлоо округунда - «Бүтүн Кыргызстан» партиясы
- №6 Араван шайлоо округунда - “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары
- №7 Ош округу боюнча - «Ата-Мекен», «Альянс» жана «Эл үмүтү» партиялары
- №8 Төлөйкөн округу боюнча - «Ата-Мекен» жана «Эл үмүтү» партиялары
- №13 Сузак округу - «Эл үмүтү» партиясы
- №14 Жалал-Абад округу боюнча - «Эл үмүтү» партиясынын кайрылуусу боюнча кайра саноо жүргүзүлөт.
- Ал эми Ала-Бука районунун №18 округунда бир гана тараптын кайрылуусу болгон. Башка шайлоо участкаларында бузулган бюллетендер боюнча гана арыздар кайра саноодо кабыл алынары белгилүү болду.
"Ата-Мекен" партиясы 19 шайлоо тилкелеринин жараксыз бюллетендери боюнча арыз менен кайрылып, алардын жараксыздыгынын себебин аныктоону өтүндү. Азыр "Ата-Мекен" жана "Ынтымак" партияларынын кайрылуулары боюнча талдоо жүргүзүлүп, бул маселе боюнча жумушчу топ түзүү каралды", - деди Шайлдабекова.
- №20 Манас району боюнча – “Альянс жана “Социал-демократтар” партияларынын кайрылууларынын негизинде
- №21 Талас шайлоо округу боюнча — Социал-демократтар партиясынын талабы боюнча.
- № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча — Ынтымак партиясынын талабы боюнча
- №26 Ысык-Көл району – «Альянс» жана «Ынтымак» партияларынан талабы боюнча.
- №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча эсептөөлөр боюнча «Альянс» партиясынын кайрылуусунун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча кайрадан жыйынтыктар эсептелет.