Бүгүн Жогорку Кеңеште бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында тышкы карыз маселеси боюнча депутат Осмон Турдумамбетов тынчсызданып финансы министрине төмөнкүдөй суроо узатты.
"Тышкы карыздар доллар менен алынгандыктан доллар менен төлөөгө туура келет. Андыктан доллардын курсу өсүп кетсе биздин бюджеттин каражаты жетеби? Насыяларды да доллар менен төлөшөт да. Быйыл улуттук банк 700 миллиондон ашык доллар сатты" , – деди ал.
Финансы министри Алмаз Бакетаев бул чындыгында чоң маселе экендигин белгилеп: "Ошондуктан тышкы карызды азайтып, ички карыз менен иштешибиз керек. Өзүбүздүн банктардан карыз алсак туура болот", – дейт.
Ошондой эле 2022-жылы тышкы карызды төлөөгө 26 миллиард сом төлөнөрүн айтты.