Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттары тандалды

Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттары тандалды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустун символикалык атрибуттары атайын комиссиянын акыркы жыйынында тандалды. Ага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, комиссия курамына кошулган облустагы тармактардын кызматкерлери жана аксакалдар катышты.
Символикалык атрибуттарда облустун аймагындагы негизги өзгөчөлүктөр камтылган.
"Гербдин ортосунда Жалал-Абаддын аркасы, айланасына облус өлкөдөгү электр энергетиканын борбору катары сүрөттөлүп, мунай өндүрүү, айыл чарба, жаңгак токою, Саймалуу-Ташта түшүрүлгөн байыркы сүрөт элементтери чагылдырылган. Ал эми туу көк түстө болуп, сол тарабында улуттук оймо-чийме, ортосунда алтын түстөгү учуп бара жаткан шумкар жана күндүн 12 шооласы түшүрүлгөн. Бул облустун он эки район-шаарларын билдирет. Гимнде да аймактын баалуулуктары даңазаланган", - деп билдиришти мэриядан.
Облустун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүү боюнча жарыяланган сынак төрт ай бою жүрүп, 15ке жакын сунуштар келип түшкөн.
Алдыда жеңүүчүлөргө бөлүнгөн жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча каражаты тапшырылат.
Облустун символикалык атрибуттары алгач 1997-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baisogur
2021-12-15 11:43:27
Жалабат алтын бешигим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан