Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: "Парламентке келе турган жаңы курам өзгөчө иштерди жасайт дегенден алысмын". АПТАСОБОЛ

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктаган. Анда 6 партиянын тизмеси жарыяланган.

SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Депутаттык жаңы курамдан эл эмнени күтөт жана алар кандай иштейт деп ойлойсуз?" деген собол салды.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев жаңы курам мурдагыдай эле иштерди жасай турганын айтты.

"Жаңы курам өзгөчө иштерди жасайт дегенден алысмын. 30 жылдан бери депутаттардын кылган иштерин көрүп жатабыз. Акылга сыйбаган иштер болгон. Биздин мамлекетибиз экономикалык, башка жактан оорчулукту көрүп жатат. Келген депутаттар эртең эле укмуштуудай иштерди жасап жиберет дегенден алыс болушубуз керек. Шайлоодон жеңип чыккандардын арасында мурунку депутаттар дагы бар. Ишти оңунан чыгарат деп ойлогон туура эмес", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан