Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышканын президенттик администрациядан маалымдашты.
Мамлекет башчы УКМКнын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн эң ири облустарынын бири болгон Жалал-Абадда улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган орган кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш экенин белгиледи.
"Дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп, илим менен техниканын барган сайын өнүгүп жаткан маалында коопсуздукка коркунуч келтире турган улам жаңы чакырыктар байма-бай чыгып жатканы белгилүү", - деп белгиледи.
Терроризм, экстремизм, этносторду бири-бирине кайраштыруу, адам сатуу, курал сатуу, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү өңдүү коопсуздукка олуттуу сокку ура турган көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу иш-чаралары талаптагыдай жүргүзүлүп, талаптагыдай аткарылышы керек экенин белгиледи президент.
Садыр Жапаров коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, нарко-бизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи. "Ага жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилген бир катар резонанстык иш-чаралардын жыйынтыктары далил. Жыйынтык бар, демек, иш бар", - деп белгиледи.
Президент иштин көлөмүнө, аткарган кызматынын оордугуна жараша шарт түзбөй туруп, кызматкерлерден кандайдыр бир натыйжаларды, ийгиликтерди талап кылуу адатынан качуу керектигине токтолду. Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.
Өлкө башчы УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.
"Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек", - деп түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, УКМКнын имараттары режимдик мүнөздөгү маанилүү объектилер болуп саналат. Бирок УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы административдик имараты 1934-жылы курулуп, талаптарга жооп бербей жана аны коопсуз колдонууда көйгөйлөр болуп келген.
Мурдагы административдик имаратта өрткө каршы жабдуулар жок жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өздүк курамды эвакуациялоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бардык талаптарга жооп берген жаңы административдик имаратты куруу зарылчылыгы келип чыккан.
Азыр жаңыдан курулган административдик имарат керектүү заманбап жабдуулар, кызматкерлер үчүн эмеректер менен толук жабдылган, эмгек шарттары талаптарга жана стандарттарга жооп берет.
Учурда облустук атайын кызматтардын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана чыңдоо иштери улантылууда.