Президент Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушун көзөмөлдөөнү министрликке тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапары уланууда. Анын алкагында бүгүн, 19-декабрда ал Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин курулушунун жүрүшүн көрдү дешти президенттин администрациясынан.

Садыр Жапаровго бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндөгү ири тоннелдерден боло турган тоннелдин 2991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалды. Тоннелди куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Тоннелдин узундугу 3 миң 800 метр, туурасы 10 метр, бийиктиги 8,5 метр. Бүгүнкү күнгө карата тоннелдин 3 миң 619 метри тешилди.

"Мамлекет башчысы тоннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча бардык иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керек", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан