Руслан Казакбаев Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ, 19-декабрда Нью-Дели шаарында өткөн “Индия-Борбордук Азия” министрлер диалогунун алкагында болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-индия кызматташтыгын талкуулашкан. Анын ичинен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнөктөштүк чөйрөлөрүнө басым жасалган.
Муну менен катар президент Садыр Жапаровдун “Индия - Борбордук Азия” саммитине катышуусунун алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулган.