Жогорку Кеңешке жаңы шайланган депутаттар 23-декабрда мандат алышы күтүлүүдө

Жогорку Кеңешке жаңы шайланган депутаттар 23-декабрда мандат алары күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

"22-декабрда VI чакырылыштын акыркы жыйыны пландалууда. Ал эми 23-декабрда VII чакырылыштын алгачкы жыйыны болуусу күтүлүп жатат. Ошол күнү жаңы мандат алгандар ант берип, күбөлүктөрүн алат", - деди Маматалиев.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына байланышканыбызда, так датасын айтпай, бирок ушул жума VII чакырылыштын депутаттарына мандат берилерин билдиришкен.

Ал эми Жогорку Кеңештин аппараты 23-декабрда жаңы чакырылыштын отуруму белгиленгенин тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан