Депутат Каныбек Иманалиев тоолуу өлкөлөрдүн саммитин Кыргыз мамлекетинде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыргыз мамлекетинин демилгеси менен БУУ бүт дүйнө боюнча келерки жылды тоо жылы деп жарыялады. 2013-жылы Тажикстандын демилгеси менен суу жылы деп жарыяланып ошондон бери БУУ Тажикстанга 30 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин каражат берет. Суу боюнча конференциянын баары Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Быйыл тоолуу өлкөлөрдүн саммити Кыргыз өлкөсүндө өтсө, тоо жылын өткөрүү боюнча министрлер кабинетинде дирекция түзүлүшү керек. Кыргыз мамлекети Тоо жана экология жылы деп жарыялашы керек", - дейт Иманалиев.