Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев депутаттарды жыйындын соңунда тарабай турууга чакырды.
"Добуш берүү бүткөндөн кийин тарабай туралы. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын дагы мөөнөтү аяктап баратат. Кандай иштедик, эмне кылдык? Жабык эшик артында кантип кетерибизди талкуулап алсак. Жумушубузду кантип бүтүрөбүз талкуулайлы", - дейт Рыспаев.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды кетпей турууга чакырды.