Равшан Жээнбеков жакынкы күндөрү абактан чыгары айтылды

Биринчи Май райондук соту Равшан Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узарткан жок. Бул тууралуу SUPER.KG`ге саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында жаңы Жазык-процессуалдык кодекс боюнча соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында же үй камагында кармоого болбойт. Ага ылайык, эми абакта отурган Равшан Жээнбеков 28-декабрда бошотулушу керек.

Ошондой эле Равшан Жээнбеков менен бирге "Кой-Таш" окуясы боюнча үй камагындагы башка айыпталуучулардын дагы бөгөт чарасы узартылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан