БШК vs "Альянс": Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кайрылат

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квоталар кандай сакталары тууралуу жаңы жобону жокко чыгарган чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда БШКнын юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчүн даярдашууда.

БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат боло турган болгон. Акаев бул чечимди сынга алып, "Альянс" партиясы аталган жобону жокко чыгаруу талабы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Сот 21-декабрда "Альянс" партиясынын пайдасына чечим чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан