ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: Арасында 8-ирет ата-эне макамын алганы да бар. Узаган жылда уул, кыздуу болгон жылдыздар

2021-жылы үй-бүлөсүндө толуктоолор орун алып, алгачкы ирет ата-эне макамын алган, экинчи, үчүнчү жолу балалуу болгон шоу-бизнес өкүлдөрүн бир кабарга топтодук. Өткөн жыл кимдер үчүн ак жолтой болду?

БИРИНЧИ ЖОЛУ АТА-ЭНЕ МАКАМЫН АЛГАНДАР

* Ырчы Кудайберди Айтбосунов менен сүйүктүүсү Айчүрөк февраль айында уулдуу болушту. Жетине албай кубанган ырчы "бакыттын кыйкырыгы сыртка угулбайт экен, эзилип турам", - деген.

* Май айында ырчылар Илгиз Абдалиев менен жубайы Назима эркек балалуу болушту. Түгөйлөр уулуна Инсар (мааниси "жеңиштүү") деген ысым ыйгарышкан.

* КТРК каналынын таңкы "Замана" берүүсүнүн алып баруучусу Саната Жумакадырова июлда көз жарып, кызы атасына окшош экенин жар салган.

* Декабрдын алгачкы күнү обончу, аткаруучу жана актёр Төлөгөн Мамыров кырк жылкылуу болду. Ал 2020-жылы сентябрдын аягында сүйүктүүсү Айтурганга баш кошкон.

* "Универсал" командасынын оюнчусу, Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Актилек Бекташев менен жубайы Зыягүлгө ата-эне макамы узап бара жаткан жылы буюрду. Түгөйлөр 20-декабрга караган түнү кыздуу болушту. Белгилей кетсек, Актилек Бекташев 2021-жылы январь айында сүйүктүүсү Зыягүлгө баш кошкон.

ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ЭКИНЧИ, ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ТОЛУКТОО ОРУН АЛГАН ЖЫЛДЫЗДАР

* Февраль айында ырчы Омар менен келинчеги Диана уулдуу болушуп, экинчи ирет ата-эне аталышты. Түгөйлөр буга чейин Арууке аттуу кыздуу болушкан.


* Америкада эмгектенип жүргөн белгилүү ырчы Эрлан Андашев уулдуу болуп, ага Халид деген ысым ыйгарды. Эрлан Андашев жубайы Перизат Көпөбаева менен 11 жылдан бери түтүн булатып, 10 жаштагы Раяна аттуу кызды тарбиялап келишкен.

* Июнь айында куудул, ырчы Гүлжайна Атаканова экинчи ирет эне макамына ээ болуп, кыздуу болду.

* Кош жылдыздар Аскат Мусабеков менен колуктусу Миргүл Асаналиева июль айында кыздуу болушкан. Ырчы мырза 2020-жылы Миргүл Асаналиева менен баш кошкон. Жарыкка келген наристе Аскат Мусабековдун үчүнчү перзенти. Буга чейин биринчи турмушунда кыл кыякчы Залина Касымова экөөнүн ортосунда бир кыз, бир уулу бар.

* Ушул эле айда "Добулбас" тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып келе жаткан Ильяс Кудретов үчүнчү ирет ата макамын алат. Ырчы менен жубайы Наима аттуу кыздуу, Абдулла аттуу уулдан кийин дагы бир уулдуу болушту. Түгөйлөр наристеге Мухаммад деп ат коюшту.

* Телеалпаруучу, ди-джей, ырчы, тамада Назира Кадыева 10 жылдан кийин кайрадан наристе жытын жыттады. Назира айым менен жолдошу уулуна Айтегин деген ат коюшту.

* Ырчы Турдакун Ниязалиевдин жубайы июль айында көз жарып, көп баланын ата-энеси болушту. Турдакун мырза уулуна Мухаммед Кыргыз деген ысым койгон.
* Жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи ирет кырк жылкылуу болушуп, ымыркайга Лиана деген ысым коюшту. Айта кетсек, ырчылар 2019-жылдын март айында баш кошуп, 2020-жылдын январында Ариана аттуу кыздуу болушкан.
* Август айында ырчы Арман Эсенгожоев ("Sexy, sexy" деген ыры менен таанымал болгон) Ирхан аттуу уулдан кийин Алим деген уулдуу болду.

* "Бир тууганчик" жана "Напарниктер" тасмасы менен белгилүү болгон актёр Жеңиш Майрамбек уулу августта кырк жылкылуу болуп, үчүнчү ирет ата макамын алды. Келинчеги Нурайым менен 6 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан актёр Алим жана Ариет аттуу балдарды тарбиялап келишкен.

* "Жебе" тобунун мурдагы солисти, ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл Абылбекова августта кыздуу болушуп, наристеге Алиана деген ысым ыйгарышты. Ага чейин ырчы менен келинчеги Алихан аттуу уулдун ата-энеси болчу.


* Ырчы Айпери Кубик кызы Даян аттуу уулдан кийин кыздуу болду. Ал сентябрь айында көз жарып, ымыркайга Аиша деген ат койду.

* Экинчи ирет ата макамын алгандардын арасында алып баруучу Нурсултан Майназаров да бар. Ал ноябрь айында уулдуу болду. Нурсултан Майназаров менен жубайы Жаркын Абитканова буга чейин Амин деген уулду тарбиялап келишкен.

* Алып баруучу Нурзат Токтосунова ноябрда төрөтканалардын биринде уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. Бул туурасында өздүк булактар билдиришкен. Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова өзүнөн 5 жаш улуу мырзага турмушка чыкканын билдирген. Кийинчерээк кош бойлуу экенин айтып чыккан.

* Актёр Кубанычбек Курманбековдун жубайы Замира декабрда көз жарып, түгөйлөр кыздуу болушту. 2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу сүйлөшкөн кызына баш кошуп, түгөйлөр уулдуу болушкан. 2019-жылы түгөйлөр экинчи ирет уулдуу болушкан.

БААТЫР АТА-ЭНЕ БОЛУУ БАКТЫСЫ БУЮРГАН ӨНӨР АДАМЫ

Ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев менен жубайы март айында 8-ирет ата-эне макамын алышты. Баатыр ата-эне болуп, кубанычы койнуна батпай турган ырчы кызына Акжурат деп ысым ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
abusait
2022-01-01 09:15:33
Мас болуп калгансынарбы мне?
+5
Taalai-bek
2022-01-01 10:00:38
abusait,ошо да . Жарымы жок го . Кээ бирлеринин жамбашын эле тартып кээсиникин желкесин тартып койупсунар го
+4
Argen9899
2022-01-01 11:26:03
abusait,кобурок ичип алышкан го
+3
Danysh1
2022-01-01 15:56:00
Мендагы тушунбой калдым менин темир эмне болуп жатат деп койом
+2
Danysh1
2022-01-01 15:56:18
Менин телим
+1
Antiradikal10
2022-01-01 21:59:21
Телефондун ориентациясын озгортуп дисплейди горизонтально кылып коргуло да суротторду.
+1
Marni
2022-01-02 17:51:34
Antiradikal5, дакансалардын акылы ошого жетпей жатса керек.
0
Gulina00
2022-01-02 09:14:19
Жарымын озубуз улап окуп койдук,жаны-жылды кобуроок майрамдап баштары чайкалып калган бейм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан