Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат.
Жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчёту угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.
Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, президенттик администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууда.