Президент министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө: "1-июлдан баштап кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Электрондук документтерге өтүү керек"

1-июлдан баштап кагаз сатып берүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

"Кечээ мен электрондук документке биринчи жолу кол койдум. Бүгүндөн баштап электрондук документтерге кол коюп, кабыл алганга даярмын. Бирок силер даяр эмессиңер. Даяр болушуңар үчүн мен 15 күн убакыт берем. IT кызматкерлерин үйүңүздөргө алып барып, электрондук документтерди жибергенди үйрөнүңүздөр. Мен сиздерден электрондук документтерди кабыл алып баштайм. Документтерди кагаз жүзүндө жүргүзүп турганга дагы 6 ай убакыт берем. Электрондук катыңар мага келбесе, анда кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл албайм. 1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошон үчүн 1-июлга чейин электрондук документке өтүшүбүз керек. Он айдын ичинде миң тоннага жакын кагаз сатып берген экенбиз. Бул 33 вагон болот экен. Ошондуктан кагаз иштеринен баш тартышыбыз керек. Акылбек Жапаровдун алдында 1 тонна кагаз жатат", - дейт Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан