"Өлкөдө шайлоо маданияты мындан ары да өсөт" деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйналышында билдирди.
Мамлекет башчы кийинки чакырылыштын депутаттары ыйык трибунанын баркын кетирбей, чыныгы функциясын аткарып, эл үчүн иштөөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Менин добушумду уурдап алды", "шайлоо бурмаланды" деген сыяктуу ыплас оюндарды токтото турган кез келди. Алардын айрымдары жаштар. Жашоо шайлоо менен эле бүтүп калбайт. Жашсыңар, алдыда далай өмүр турат демекчимин. Биздин элдин ачык айтуу, маселени кабыргасынан коюу сыяктуу маданияты эчак эле калыптанган. Аны биз демократия дейбизби, ачык коом дейбизби, айтор, бул рейтинг бир топ мамлекеттерге салыштырмалуу бизде алда канча алдыга өнүккөн.
Ал эми коомдо дестабилизацияны алып келүү үчүн кайсы бир партия же адамдар мамлекеттин тынчтыгы эмес, өз кызыкчылыгы үчүн бурмалап, элди козутуп келгендиги коомчулуктун көңүлүн буруп, алаксытып келген фокустар. Мындай маанайды оппозиция деп деле айтууга болбойт, тек гана жеке кызыкчылык", - дейт Садыр Жапаров.