"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттик администрациянын имараты курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Буга чейин "Ысык-Көл" мейманканасында курулуш иштери башталгандыгы маалымдалган.
Президенттин иш башкармалыгынан "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылына турганын билдиришкен. “Ысык-Көл” мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалда. Бул имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес. Ал гана эмес, башкаларга коркунуч туудурат. Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак", - дешти мекемеден.
Ал эми анын ордуна кандай имарат курулаары туурасында комментарий беришкен эмес.