"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектин четиндеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда саясатчы мейманкананы бузуу ал жайгашкан жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айткан.
"Идея кайдан чыкканы дагы бир аз белгилүү. Кеп "Ысык-Көл" конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жакта чоң жер бар. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге бир имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болушу керек", - деген Мадумаров.
Ошондой эле мындай тарыхый курулуштарды бузуу туура эместигин кошумчалаган.
“Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый-архитектуралык, маданий имарат болушу керек эле. Ал тизмеден аны ким чыгарды, эмне үчүн чыгарды? Бул чоң маселе", - деген саясатчы.
Белгилей кетсек, 24-декабрда президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, мындан ары аны пайдалануу кооптуу экенин кабарлаган. Ал маалыматта мейманкананы кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга кетчү сумма талап кылынары да айтылган.
"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган.