Бул жылы кандай кадрдык өзгөрүүлөр болду? 2021-жылы бир катар адам кызматынан бошотулса, айрымдары жаңы кызматка ээ болушту. SUPER.KG порталы кадрдык өзгөрүүлөрдүн тизмектейт.
2021-жылдын башында эле өкмөттүн курамы өзгөртүлүп, бир канча адамдар кызматтан бошотулган.

- Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
- Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
- Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
- Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси министрдин кызматынан бошотулду;
- Кыялбек Мукашев финансы министринин кызматынан бошотулду;
- Марат Жаманкулов юстиция министринин кызматынан бошотулду;
- Санжар Муканбетов экономика министри кызматынан бошотулду;
- Тилек Токтогазиев мурда дайындалган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;
- Бакыт Бердалиев транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;
- Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;
- Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;
- Эрлис Тердикбаев мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;
- Жыргалбек Сагынбаев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;
- Алтынбек Исмаилов маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Андан кийинки өкмөт төмөндөгүдөй куралды.
- Улукбек Марипов премьер-министр;
- Артём Новиков биринчи вице-премьер-министр;
- Улукбек Карымшаков экономика жана финансы министри, ошондой эле вице-премьер-министр;
- Жеңиш Асанкулов өкмөттүн аппаратынын жетекчиси жана министр;
- Таалайбек Өмүралиев коргоо министри;
- Руслан Казакбаев тышкы иштер министри;
- Асел Чынбаева юстиция министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри;
- Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри;
- Улан Ниязбеков ички иштер министри;
- Гүлмира Абдралиева транспорт, архитектура жана коммуникация министри;
- Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр-жай министри;
- Аскарбек Жаныбеков айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы.

Май айында өкмөт министрлер кабинети болуп түзүлдү.
- Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасы;
- Артём Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Улукбек Кармышаков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри;
- Жылдыз Бакашова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Азамат Дикамбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүктүрүү министри;
- Таалайбек Өмүралиев коргоо министри;
- Руслан Казакбаев тышкы иштер министри;
- Асел Чынбаева юстиция министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри;
- Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри;
- Улан Ниязбеков ички иштер министри;
- Гүлмира Абдралиева транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министри;
- Аскарбек Жаныбеков айыл, токой жана суу чарба министри;
- Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри;
- Динара Кутманова Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;
- Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
Октябрь айында министрлер кабинетинин курамы өзгөртүлүп төмөнкүдөй болду.

- Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы;
- Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы;
- Руслан Казакбаев тышкы иштер министри;
- Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникация министри;
- Аскарбек Жаныбеков айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Доскул Бекмурзаев энергетика министри;
- Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри;
- Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри;
- Бактыбек Бекболотов коргоо министри;
- Улан Ниязбеков ички иштер министри;
- Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри;
- Данияр Амангелдиев экономика жана коммерция министри;
- Алмаз Бакетаев финансы министри;
- Аяз Баетов юстиция министри;
- Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри.