Өтүп бара жаткан жылда кыргыз саясатында көп өзгөрүүлөр болду. Айрым саясатчылардын жылдызы жанып, карьералык өсүү жасаса, айрымдар тескерисинче бийик бийлик тепкичин абакка алмаштыргандар дагы болду. Бул жылы кимдер камакка алынганын, кимдерге кылмыш иши козголгонун SUPER.KG порталы тизмектеп чыкты.
Кубанычбек Жумалиев
4-февралда экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты, Кубанычбек Жумалиев камакка алынган. Ага кылмыштуу жолдор менен мүлк чогулткан жана аны мыйзамдаштырып алган, жемкордук схема уюштурган, ири көлөмдө салык төлөөдөн качкан жана мыйзамсыз байыган деп айып коюлган. Эки ай абакта отурган Жумалиев 1 миллиард сом төлөп абактан чыккан. Апрель айында депутаттык мандатын тапшырган.
Жеңиш Молдокматов
"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 2021-жылдын 6-майында камакка алынды. Саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген кине коюлган. Кийин ал берене өзгөртүлүп, "Октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген айып менен камалган. Бул ишти саясий куугунтук атаган Молдокматов абакта бир нече убакыт ачкачылык кармап, кийин ден соолугу начарлап менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулду.
Тилекмат Кудайберген уулу
Жеңиш Молдокматовдун партиялашы Тилекмат Кудайберген уулу да партия лидеринен 2 ай мурун, 15-мартта "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылып, Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан. Бирок 20-августта сот Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.
Азиз Суракматов
Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган Азиз Суракматов 2021-жылдын 26-майында "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шектелип кармалды. Жыйырма күндөй УКМКнын абагында кармалып, кийин тергөө менен кызматташууга макул болуп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыккан. Өлкөдөгү эң бай 200 үй-бүлөнүн тизмесине кирери айтылган мэрдин иши декабрь айынын аягында сотко өткөндүгү кабарланды.
Азамат Дыйканбаев
Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 20-майда пара алууга шектелип кармалган. Ал 5-майда дайындалган. Ага чейин Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган. Дыйканбаев "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнөн пара алууга шектелген. Сот аны тергөө учурунда камакта кармоо чечимин чыгарган.
Бакытбек Жетигенов
Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду УКМК 26-ноябрда “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде кармады. Кийин Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы депутаттардын макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен камакка алынганын бүтүм кылды. Көп узабай эле 22-декабрда сот саясатчыны эркиндикке чыгарды.
Бактыбек Калмаматов
Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов 22-декабрга караган түнү аэропорттон Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда кармалды. УКМК ага "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптоодо. Бишкектин Биринчи Май райондук соту оппозициячыл саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин камоо чечимин кабыл алды.
Саясатчылар топ-тобу менен камалган "Кумтөр" боюнча иш
"Кумтөр" иши боюнча көптөгөн атка минерлерге кылмыш иши козголуп, бир далайы камакка алынды. Андыктан бул орчундуу ишти өзүнчө бөлүп карап, кыскача түшүндүрмө бере кетүүнү туура көрдүк.
“Кумтөр" иши боюнча кыскача маалымдама:
Май айы саясатта окуяларга бай болду. Анткени дал ушул айда “Кумтөргө” сырттан башкаруу киргизүү аракети жанданып, кыргыз бийлиги менен алтын кенди иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда тирешүү башталды. 6-майда Жогорку Кеңеш экологиялык талаптар бузулган учурларда "Кумтөргө" сырттан башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алып берди. Көп узабай ага Садыр Жапаров 14-майда кол койду. Ушул эле күнү Октябрь райондук соту камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча компаниядан дагы 2,1 млрд. сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин чыгарды. 17-майда Жогорку Кеңеш "Кумтөргө" сырткы башкаруу киргизүү сунушун колдоп, компаниянын сырттан башкаруучусу болуп Теңиз Бөлтүрүк дайындалды. Ал эми 21-майда Башкы прокуратура 1992-2019-жылдар аралыгында Кумтөр боюнча келишим түзүүдөгү коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген макулдашуулар жогорку кызматтагы адамдар тарабынан түзүлгөнү айтылды.
Көп узабай эле мурда жана азыр чоң кызматты ээлеген кыргыз саясатчылары аталган иш боюнча биринин аркасынан бири суракка чакырылып камакка алына баштады.
Темир Сариев
Экс-премьер-министр Темир Сариев "Кумтөр" боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында алгачкылардан болуп 27-майда УКМКга күбө катары сурак берген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-августта Сариевди кармап, ага "Кумтөр" кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып таккан. Үч айдан ашуун убакыт абакта отурган экс-премьер-министрдин иши далилдер жетиштүү эмес деген жүйө менен кыскартылып, 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо кен планы боюнча "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен 20-ноябрда үй камагына чыккан.
Өмүрбек Бабанов
Дагы бир экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду УКМК 31-майда "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга айыптап камакка алган. Тергөөнүн жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын атайын кызмат билдирген. Ал эми саясатчы ага козголгон кылмыш ишин "абсурд" деп баалаган. Кийин Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөртүлүп, 27-июлда камактан чыккан. Көп узабай эле дарылануу жүйөөсү менен 5-августта чет мамлекеттердин бирине чыгып кетип, бир айдан кийин кайтып келди.
Муну менен катар УКМК Бабанов бюджетти колдоо үчүн 100 миллион сом төккөнүн кабарлаган.
Жоомарт Оторбаев
2014-2015-жылдары өкмөт башчы болуп иштеген Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" ишине байланыштуу УКМК тарабынан 16-сентябрда кармалды. Ага премьер-министр болуп турганда мыйзам бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген деп айып коюлду. Үч айдай абакта кармалган Оторбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылып, 20-ноябрда чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде абактан чыкты.
Асылбек Жээнбеков
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан кармалды. Ал дагы "Кумтөр иши" боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен камакка алынды. 8-декабрда депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров депутаттардын макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен камакка алынганын бүтүм кылды. Көп узабай эле сот саясатчыны эркиндикке чыгарды. Ага чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.
Төрөбай Зулпукаров
Жээнбековдордун жакын тарапкери катары сыпатталып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров да Асылбек Жээнбеков менен бирге камакка алынган. Ага дагы "Кумтөр иши" боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген айып коюлган. 8-декабрдагы депутаттык комиссиянын аларды Жогорку Кеңештин макулдугусуз, мыйзам бузуу менен камакка алынган деген бүтүмүнөн кийин сот эркиндикке чыгарган.
Исхак Пирматов
Быйыл май айында Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырган Исхак Пирматов да "Кумтөр" ишинин алкагында жемкорлукка айыпталып кармалды. Ал 31-майда сурак бергенден кийин эки айга камакка алынган. Саясатчы тергөө менен кызматташканы үчүн 15-июлда эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган. Кийин 9-сентябрда Исхак Пирматов Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды.
Талантбек Узакбаев
Улуттук коопсуздук комитети 31-майда “Кумтөр" иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талантбек Узакбаевди да камакка алды. Июнь айынын башында сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок Талантбек Узакбаев тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу 17-июнда үй камагына чыгарылган.
Алмазбек Баатырбеков
Улуттук коопсуздук комитети 9-июнда мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековго “Кумтөр иши” боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, тергөө бүткүчө камакка алынган. Бирок тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп берип, 17-июнда үй камагына чыгарылды.
Данияр Нарымбаев
9-июнда “Кумтөр ишинин” алкагында президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев да УКМК тарабынан камакка алынды. Ага да башка атка минерлердей эле жемкорлук боюнча айып коюлду. Бирок башка саясатчылар, ар кандай себептер менен үй камагына чыгып же иштери кыскартылса, аталган иш боюнча учурда абакта Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев гана калды.
Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашевге дагы “Кумтөр иши” боюнча иш козголуп, 17-июнда УКМК тарабынан кармалган. 29-июнда үй камагына чыгарылган. Бирок ал тийиштүү талаптарды бузуп, тергөө менен кызматташуу боюнча милдеттенмелерди аткарган жок деген жүйө менен октябрда кайра камакка алынган. Учурда “Кумтөр иши” боюнча абакта отурган эки саясатчынын бири.
Динара Молдошева
“Кумтөр иши” боюнча өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага дагы иш козголгон. Ал эч жакка кетпөө тил катын жазып берген. Анын жашы жете элек балдары болгондуктан камакка алынган эмес.
Ошондой эле “Кумтөр" ишинин алкагында мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге иш козголгон. Биринчи президент Аскар Акаев бул иш боюнча бир нече ирет өлкөгө келип сурак берип кетти.
Дагы бир президент Сооронбай Жээнбеков болсо бир нече ирет күбө катары сурак бергени айтылды.