Министрлер кабинетинин өкүлү митингчилерди ток-шоуго чакырды

Бүгүн, 27-декабрда жаңы Салык кодексине нааразы болгон ишкерлер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Алар азыр президенттин кароосунда турган мыйзам долбоору чийки экенин айтышып, аны кайрадан коомдук талкууга коюп, алымча-кошумча киргизүү керектигин билдиришти.

Чогулган 50дөй ишкер менен жолукканы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев чыкты. Ишкерлер талаптары жазылган кагазды ага тапшырып, оозеки түрүндө дагы айтышты.

Министрлер кабинетинин өкүлү менен митингчилердин ортосунда аталган жаңы кодекс тууралуу суроо-жооп болуп, аягы талкууга айланганда Кожошев аларды “Ток-шоуго” чакырды.

“Мындай кылалы, биз азыр телеканалдарга ушул маселени чечмелеп чыгып жатабыз, ток-шоу уюштуралы. Бул боюнча сиздерде суроо көп экен. Суроолоруңарды даярдап алып туруп, Салык кызматынын жетекчиси чыгат, аны менен ачык-айкын сүйлөшкүлө. Кайсы каналга силер ишенсеңер ошол каналда өткөрөлү. Силер суроолор менен 2-3 адамды чыгаргыла”, - деди Кожошев.

Митингге чыккандар Арзыбек Кожошевдин сунушуна “маселе жок” деп жооп узатышты. Бирок качан жана кайсы каналда өтөрү митингде так айтылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан