Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-февралда башталат

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда шайлоо алдындагы үгүт иштери келе жаткан жылдын 7-февралында башталат. Бул тууралуу кечээ, 27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

№27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча календарлык пландын негизги этаптары:

Шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 5-январга чейин;

Шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 7-февралга чейин;

Шайлоочулардын тизмесиндеги ката же так эместик, жок болгондугу жөнүндө (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 11-январдан тартып 16-февралга чейин;

Шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү – 22-февралга чейин;

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү – 27-январга чейин;

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 7-февралга чейин;

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү – 7-февралдан тартып 26-февраль саат 8:00гө чейин;

Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү – 26-февраль саат 8:00дөн 20:00гө чейин;

Добуш берүү күнү – 27-февраль саат 8:00дөн 20:00гө чейин;

Шайлоо натыйжаларын аныктоо – 12-мартка чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан