Садыр Жапаров президенттик админстрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Нурай Марсты кызматтан алды

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматын жетектеп келген Нурай Марс кызматынан бошотулган. Ал эми анын ордуна Алтынбек Жумаев дайындалган.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Нурай Марс президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп май айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан