Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда катталган мушташта жабыркагандар болгон жок. Милиция кызматкерлерине карата иликтөө жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад шаарында мушташ болуп, анын кесепетинен тыгын жаралганын социалдык тармактын колдонуучусу айтып чыккан. Ал окуяны видеого тартып, чыр чыккан жерге жакын аралыкта милициянын унаасы да турганын белгилеген.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан окуя териштирилип баштаганын маалымдашат.

"Жарыяланган видеодогу окуя Жалал-Абад ШИИБинин маалымат журналына катталып, алдын ала текшерүү иштери башталды. Окуя 27-декабрь күнү катталганы, жабыр тартып ооруканага же милициягы арыз менен кайрылгандар болбогондугу такталды. Учурда мушташка тиешеси бар жарандарды жана окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Ал эми милициянын дарегине айтылган сын-пикир боюнча Жалал-Абад ОИИБинин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан