Президент Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты.
Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү.
Иш сапарын жыйынтыктап, президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарына келди.