Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары Ак Үйгө чогулууда.
Алгачкы жыйынга катышканы келген "Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековдун алдыдагы максаттарын сурадык.
"Эң башкысы ыймандуу парламент деген атка консок экен. Эгер уурдабасак, уурдатпасак эле өлкөбүз өнүгөт. Мага берген мүмкүнчүлүгү үчүн эли-журтума чоң рахмат", - деди Нуржигит Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо "Ыйман Нуру" партиясы 5 мандат алган. Бул партиядан кимдер депутат болуп келгенин шилтеме аркылуу өтүп, тааныша аласыз.