Бүгүн, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтүүдө.
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сөз сүйлөп жатат. Ал шайлоо тууралуу маалымат берип жатат. Анын айтымында, алгач депутаттарга төш белги тапшырылып, андан соң алар ант берет.
Иш-чара саат 11:00гө белгиленген. Жыйын жарым саат кечигүү менен башталды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн.