Бүгүн, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтүүдө.
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сөз сүйлөдү. Жогорку Кеңеште алгачкылардан болуп Шарапаткан Мажитова ант берди. "Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз мамлекетине берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды сактаганга ант беремин", - деди ал.
Алгачкы жыйынды жаңы депутат Шарапаткан Мажитова алып барат. Парламенттин алгачкы жыйынын депутаттардын эң аксакалы ачат. Ошону менен катар эле төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат.