Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы шайланган депутаттар ант беришүүдө. Анда саясий партиянын лидерлери сөз сүйлөдү.
"Ынтымак" партиясынан депутат Марлен Маматалиев сөз сүйлөдү. Анда ал шайлоодо 143 миң добуш алганын айтып, элге ыраазычылыгын билдирди.
"Бардыгыңыздарды мандат алышыңыздар менен куттуктайм. "Ынтымак" саясий партиясы 143 миң добушка ээ болуп, ушул жерге келип отурат. Биз 9 мандатка ээ болдук. Элибизге чоң рахмат айтабыз. Калган биздин бир мандаттуу депутаттар менен макулдашууну чогуу чечтик", - деди Марлен Маматалиев.