Адахан Мадумаров: "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары, ушул күнгө чейин боло берет деп келдиңер"

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны өттү. Анда депутаттар жыйынды жаап, фракциянын курамы боюнча танапистен кийин улантууну сунушташты. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган Адахан Мадумаров бир сааттык танапис жарыялоону сунуштады.

"Мына ушинтип "боло берет, боло берет" деп келип ушул жерде отурабыз. Окуганыбыз, окубаганыбыз дагы айтып жатабыз. Регламент, мыйзам күчүнө ээ болуп жаткандан кийин боло берет деген болбойт. Регламентке киргизип коёбуз деген болбойт. Бул жерде бири-бири менен биринчи жолу көрүшүп жаткандар болуп жатат. Мына 6-чакырылыштын депутаттары ушул күнгө чейин мөөнөттү мыйзамсыз созуп келдиңер. Кайрадан ошол кылыкты баштап жатасыңар. Мындан ары андай болбойт. Конституция менен кыйшайбай кетебиз. Депутаттар тарабынан ант берүү аяктагандан кийин биринчи жыйын жабылат. Танаписке чыгып баары бири-бири менен таанышат. Кээ бир депутаттар иш бөлмөлөрүнө кирбей жүрүшөт. Себеби мурунку депутаттар арасында кабинеттин ачкычын бербей жүргөндөр бар. Иш бөлмөлөрүнө кирип, жайгашып, таанышып, ким ким менен бирге болорун чечишсин", - дейт Мадумаров.

Жыйынтыгында бир сааттык танапис жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан